НУР УУЛУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУР УУЛУ Досбол (26. 4. 1948-жылы туулган, Тажик­стан, Шураб ш.) - тарыхчы, тарых илимдеринин док­тору (1993). 1971-жылы КМУну бүтүргөн. 1972- 95-ж. Кыргыз ССР УИАда кенже, улук, же­тектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы, 1995-2005-жылы КР ЖКда кеңешчи, 2005- 07-ж. КРдин Билим берүү, илим жана

жаштар саясаты министри, 2007-08-ж. КР Өкмөтүндө вице-премьер­министр, 2008-09-ж. КРдин Мамлекеттик катчысы, 2009-10-ж. Ж. Баласагуни атындагы КУУнун ректору болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (1995-2000). Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи­си. Эмгектери негизинен Кыргызстан а. ч-нын тары­хый-экономикалык маселелерин изилдөөгө арналган. ЮОдөн ашык илимий эмгектин автору.