НУЛЛИФИКАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУЛЛИФИКАЦИЯ (латынча пиШиз - эч кандай жана ...фикация) - документтин юридикалык күчүн жо­готушу; баасы төмөндөп, кунсуз болуп калган кагаз акчаны мамлекеттин жараксыз деп жа­рыялашы. Ал олуттуу инфляция, гиперинфля­ция учурунда, улуттук валютага болгон ише­нимди кайтаруу үчүн жүргүзүлөт. Н. - өлкөдөгү улуттук валютанын айланышынын туруктуу­лугун орнотууну көздөгөн акча реформасы. 0. эле кунсуз акчаны жаңысына төмөнкү курс менен алмаштырылган девальвация менен дал ке­лет. Алсак, 1924-жылы Германиянын жаңы чыга­рылган 1 маркасы 1 триллион эски маркага ал­маштырылган. Кыргызстанда Н-га окшош процесс 1993-жылы СССР кездеги рублды улуттук валюта­га (сомго) алмаштырууда болгон. Анда 1 сомго СССРдин 200 рубли алмаштырылган.