НУК ЭРОЗИЯСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУК ЭРОЗИЯСЫ - агын суулар менен кыян-селдердин таасиринен кокту-колоттордун, өзөн-саилардын нуктарынын оюлуп, жемирилип,
талкаланышы. Н. э. тоолуу аймактарда күчтүү жүрөт. Шар аккан суу, кыян-сел өтө зор күч менен жолунда кездешкен борпоң тектерди (кум, шагыл, сайташ ж. б.) жемирип, оюп, өзү менен кошо агызып кетет. Натыйжада суунун нугу, таманы тереңдеп, капталдары тик өзөн келип чыгат. Кыргызстандын аймагында, тоолордо мындай кубулуштар көп байкалат.