НӨКӨР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НӨКӨР (моңолчо нөхөр - дос, жолдош) - о. кылымда моңголдордогу бийлик же аскер адамынын кызматчысы. Тынчтык мезгилинде кароолчу, коштоп жүрүүчү, согуш учурунда катардагы жоокердин милдетин аткарган. Курал-жарак менен камсыз кылынып, жеңишке жеткен учурда өзүнө тиешелүү олжо (мал-мүлк, конуш, кул ж. б.) алып, ирденип, ири феодалдарга айланып кеткен учурлары да болгон. «Н.» терминин 16- 20-к-да орто жана алдынкы азиялыктар (кавказдыктар) да колдоно баштаган. Изилдөөчү Г. Губарев эркиндикке качып чыккан Крым хандарынын Н-лөрү славяндашып, казак-орустарга (запорожье жана дондук) айланып кетишкен деп эсептейт.
Ад.: Губарев Г. Казачий исторический словарьсправочник. М., 1970.