НОТА (музыка): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОТА - музыка жазууда колдонулуучу графикалык шарттуу белги. Нота жазуу байыртан эле белгилүү. Байыркы Грекияда добуштун бийиктигин жана созулушун туюндурган тамга системасы болгон, бирок ал 10-к-га чейин колдонулуп, латын тамгасы менен алмашылган. 0. кылымдарда сызыкча, үтүр, чекит сымал белгилер (невмалар) колдонулуп, тексттин үстүнө коюлган. 11-к-да музыка теоретиги Гвидо д’Ареццо (Италия) азыркы нота станынын прототиби болгон төрт сызыктуу системаны киргизген. Кийин сызык бешке жеткирилип, невмалар нота менен алмашылган. Добуштун созулушуна жараша нота бир нечеге бөлүнөт (1-сүрөт). Н. жазылуучу туура сызылган сызык музыкада нота
станы (сызыктары) деп аталат да, төмөндөн жогору саналат. Н-лар 7 ат менен аталып, алар скрипка ачкычында төмөнкүчө жазылат: (үн катары, 2-сүрөттө) практикада ар түрдүү бийиктеги добуштар көп болгондуктан, негизгиден тышкары кыска кошумча сызыктар колдонулат да, саны бештен ашпайт. Мын-

да негизги сызыктын үстүндөгү кошумча сызыктар төмөндөн жогору карай саналып, бийик до-
бушту, астындагы кошумча сызыктар жогорудан төмөн саналып, төмөнкү добушту жазуу колдонулат.
