НОРВЁГ ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НОРВЁГ ДЕҢИЗИ - Түндүк Муз океандагы четки деңиз; Скандинавия ж. а. менен Шетленд, Ферер, Исланд, Ян-Майен, Аюулуу аралдарынын орто­сунда жайгашкан. Норвегиянын батыш жээгин чулгайт. Аянты 1340 миң кмг. Эң терең жери 3970 м. Норвегиянын жээгинде тайыздыктар

(Лофотен) жайгашкан. Февралдагы суунун темп­расы 2-7°С, августтуку 8-12°С. Туздуулугу 35,2%0ге чейин. Н. д. аркылуу өткөн Норвег агы­мынын таасиринен деңиз суусу тоңбойт. Сутка­сына эки жолу ташкындайт (3,3 мге чейин). Балык (треска, сельдь) кармалат. Негизги пор­ттору: Тронхейм, Нарвик, Тромсё.