НООСФЕРА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НООСФЕРА (грекче пооз - акыл-эс жана сфера) - биосферанын өнүгүүсүндө адамдын акыл-эси негизги фактор болуп эсептелген, анын жаңы эволюциялык абалы; акыл-эс чөйрөсү. Н. түшүнүгүн фр. окумуштуулар Э. Леруа менен П. Тейяр де Шарден (1927) киргизген. Орус геохимиги В. И. Вернадский Н. жөнүндө толук түшүнүк берген. Ал илимий жетишкендиктердин негизинде, адам эмгегинин таасиринен биосфера акырындык менен жаңы абалга - Н-га, башкача айтканда чөйрөсүнө акыл-эс чөйрөсүнө өтөрүн айгинелеген. Н-нын калыптанышына кийин Ю. П. Трусов, И. В. Кузнецов, С. Г. Семенова, Н. Н. Моисеев, А. Д. Урсул ж. б. чоң салым кошкон.
Н. - бул социум-табият системасы. Анын негизги элементтери экөө: бир тараптан бүт адамзатты бириктирип, бирдиктүү курам түзүп турган социум (коом), экинчи тараптан ушул сферанын курамына кирген бардык жандуу (адамдан башка) жана жансыз нерселерди кучагына алган табият. Социум - Н-нын активдүү, башкаруучу, ал эми табият - социумга негиз болуп, ага шарт түзүп турган, активдүүлүгү азыраак элементи. Бул экөө тең бири биринен ажырагыс, бирине бири таасир этип, тынымсыз карым-катнашта, дайыма өзгөрүүгө дуушар болуп турган бирдиктүү организмди түзөт. Өнүгүп, өзгөрүп тургантсоом жана анын аракети менен өзгөрүлгөн айлана-чөйрө. Эбегейсиз көп зат жана энергиянын агымы Н-га кирип жана чыгып турат, ошондуктан ал - ачык жана тең салмактуулуктан кыйла алыс турган өзүнөн өзү өнүккөн, өзүн өзү башкарган глобалдуу система. Күчтүү тең салмаксыз система катары Н-да өзгөчө ролду сырткы маалымат жана анын натыйжасында жаралган акыл-эс ойнойт. Акыл-эстин айланачөйрөнү өзгөртүүчү таасири өндүрүүчү чарбачылык пайда болгондон тартып (болжолдо он миң жыл мурун) жанданууда. Адам жаныбарларды үйрөтүп, өсүмдүктөрдү өздөштүрүп, жер айдап, кол өнөрчүлүгүн баштагандан тартып айланачөйрөнү башкаруу башат алды. Илим, техника жана технология өнүккөн сайын башкаруу багыты улам күчтөнүүдө. Адамзат бүт жер жүзүн жана жакынкы космосту ээледи. Шаар-кыштактар, завод-фабрикалар, суу сактагычтар, гидротехникалык курулуштар салынып, кендер казылып, жыл сайын миллиард т тоо массалары которулууда. Акыл-эс «экинчи табиятты» пайдакылды. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрү (породалары), минералдардын, химиялык элементтердин жасалма түрлөрү жаралды. Адамдын табиятка тийгизген таасири геол. деңгээлге көтөрүлдү. Акыл-эс айлана-чөйрөнү гана эмес, адамдын өзүн да өзгөрттү. Адам табият шартын өзүнүн кызыкчылыгына ылайыктап алууга жетишти. Ал биол. эволюция законуна баш ийбей калды, биоценоздон чыкты. Н-да энтропия, кичирейүү законуна, тескерисинче, маалымат өсүү законуна баш иет. Демек, барган сайын баш аламандык азаят, уюшулуулук, ыңгайлашуу, гармония, биримдүүлүк (интеграция) күчөйт. Акыл-эстин максатка ылайык башкаруу функциясы улам өркүндөй берет. Айлана-чөйрө менен социумдун карым-катнашы жагымдуу шартта туруктуу өнүгүү багытында болот. Акыл-эстин үстөмдүгү (ноократия) өкүм сүрөт. Ар бир иш илимдин жана технологиянын эң жогорку жетишкендиктерине таянып жүргүзүлөт. Жаратылыш менен коом шайкеш өнүгүшөт. Жер шарында узакка созулган геол. ноозой - акыл-эс заманы орнойт. Бүгүнкү күндө акыл-эс чөйрөсүнө же Н-нын баштапкы абалынын өнүгүшү жөнүндө айтуу эртерээк. Анткени, күч алып бара жаткан глобалдуу экол. проблемалар (кислоталуу жаанчачын, парниктик эффект, чөлдөшүү ж. б.) буга тескери мисал болууда. Учурдагы коом тиричилигин улантуу үчүн биосферада, анын тең салмактуулугун бузбай, коллективдүү аң-сезимге жана эркке таянган бирдиктүү акыл-эстүү механизм катары иш алып барыш керек.
Ад.: Н. Н. Моисеев. Человек и ноосфера. М. 1990; В. И. Вернадский. Биосфера и ноосфера. М., 2002; А. В. Бакиров. Ноосферология. Б., 2006.
А. Бакиров.