НОКТО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОКТО — малдын башына катылуучу, ооздуксуз, тизгинсиз, чылбыр тагылган жүгөнгө окшогон шайман. Н. көбүнчө жылкыга, буйлаланбаган төөгө, чүлүктөлбөгөн уйга, өгүзгө же топозго салынат. Адатта, кулун Н-су жүндөн жасалат да, чылбырдын ордуна желедеги чыктага кыска сагак тагылат. Ошондуктан кулун Н-су менен агытылса да, эч жерге илинип-чалынбайт. Н-ну устат кайышчылар, өрмөкчүлөр түрдүү оймо-чийме түшүрүп, жез, калай чөгөрүлүп кооздогон.