НОЙОНДОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОЙОНДОР (моңголчо ноён - князь, бек деген мааниде) - о. кылымдардан 20-к-га чейин моңголдордун коомундагы социалдык катмар. 11- 12-к-да ак сөөк адамдардын тукуму катары саналса, 12-к-дын 2-жарымынан феодалдаша баштаган өзүнчө топ, 13-14-к-да накта феодал, феодалдык бытырандуулук мезгилинде (14-17-к.) өз алдынча, көз карандысыз ээликтердин кожоюнуна айланышкан. Манжурлардын (к. Маньчжоу-Го) тушунда (17-к-дан 20-к-дын башына чейин) саясий укуктан ажыратылган мамлекеттик кызматкерлер катары саналып калган. Н. өзгөчө Чыңгызхандын мезгилинде күч алып, бийлик тепкичинде ханзаадалардан (көбөгөн) кийинки орунду ээлешкен. Аскер кызматындагыларга (тумөн башы, миң башы, жүз башы) да Н-дун даражасы берилип, ал оозеки түрүндө же атайын белги («пайцза») менен бекитилген. 2007-жылы 1-сентябрда Хук-Хото автономиялуу р-нун администрациялык борборунда акыркы нойондун (Чыңгызхандын тукумунун 34-мууну) өлгөнүн КЭРдин ММКсы атайын жарыялаган.