НОГОЙ ОРДОСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОГОЙ ОРДОСУ (14-к-дын аягы-16-к-дын 2- жарымы) - Волга (Эдил, Итиль) жана Иртыш д-нын аралыгында түзүлгөн көчмөндөр мамлекети. 1395-96-ж. Тимур жүрүш жасап, СарайБеркени басып алгандан кийин Алтын Ордо кулаган жана анын ордуна Н. о-су менен кошо Сибирь хандыгы, Казан хандыгы, Крым хандыгы түзүлгөн. Н. о-нун аталышы Батыйдын кол башчыларынын бири Ногойго байланышканы жана ал мамлекеттин элин кийин анын аскери (негизинен маңгыттар) түзгөнү тууралуу маалыматтар айтылат. Илимий эмгектерде Н. о-нун негиз салуучулары - Балтычак бектин уулу Едиге (1396-1411) жана анын уулу Нур ад-Дин (1412- 19). Алардын тукуму хан атагын алууга укугу болгон эмес, ошондуктан өздөрүнө «бектер беги» же «улуу эмир» деген титул беришкен. Нур адДиндин тушунда түндүк-батышынан Волга - Жайык (Урал), түндүгүнөн Казан ш., чыгышынан Батыш Сибирь ойдуңу, түштүгүнөн Арал, Каспий деңиздерин кучагына алган мамлекет калыптанып, бул аймактагы жалгыз шаар - Сарайчук анын борбору болуп калган. Ордо бир нече өз алдынча улустардан туруп, аны мырзалар бийлеген. 15-к-дын орто ченинде анын чек арасы Сыр-Дарыянын ортонку агымына чейин жеткен. Бул мезгилде Н. о-ндагы көрүнүктүү ролду Бакас бийдин уулдары Муса мырза (1491-1502) менен Жамгырчы (1502-04) ойногон. 16-к-да кээ бир ногой уруулары Волганын батышына көчүп, алар «кичи ногойлор» деп аталып калган. 1550-жылдардын орто ченинде Казан, Астрахан хандыктарынын Россияга
кошулушу менен Н. о. ыдырап, бир нече ээликке бөлүнгөн. 17-к-дын башында орус бийлиги калмактарга Волга жээгинен конуш бергенден кийин, ногойлордун негизги бөлүгү Түндүк Кавказды карай жылган. Н. о-нун акыркы бийи (1621- 39) Касым бий болгон.
Ад.: Сафаргалиев М. Г. Распад Золотой Орды. Саранск, 1960. Жолдасбаев С„ Бабаев Д. История Казахстана средних веков. А., 2003.