НОВОСИБИРСК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОВОСИБЙРСК (1903-26-ж. Новоникол а е в с к) - Россиядагы шаар (1903-жылдан). Новосибирск облусунун администрациялык жана Сибирь федерация округунун борбору. Обь д-ндагы порт. Калкы 1,4 миллион (2010). Т. ж. түйүнү. Метрополитен иштейт (1985; РФте жүргүнчү ташуу боюнча 3-орунда). Машина куруу (заводдору: ЭЛСИБ, «Станкосиб», «Сибсельмаш» ж. б.), кара жана түстүү металлургия («Новосибирск химконцентрат заводу»), химиялык жана химиялык-фармацевтика, жеңил, тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, ГЭС иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмү, Академиктер шаарчасы (25ге жакын ИИИ),
*
«Вектор» вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борбору (Кольцоводо), конструктор-технология жана долбоорлоо институттары, 13 ЖОЖ (анын ичинде 2 университет, консерватория), 6 театр (анын ичинде опера жана балет, «Глобус» жаштар, «Красный факел» ж. б.), филармония, сүрөт галереясы, музей (край таануу, геол., зоол., Сибирь элинин тарыхы жана маданияты), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн атайын) ж. б. бар. 1893-жылы курулушчулар посёлкасы катары негизделген. 1903-жылдан шаар Н-ге жакын жерде илимий шаар Кольцово жайгашкан.
