НОВОНИКОЛАЕВКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОВОНИКОЛАЕВКА - Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Ак-Башат айыл аймагына караштуу. Бишкек - Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кара-Балта шаарынан 4 км чыгыш тарапта. Кыштак 1902-жылы пайда болгон. Калкы 7675 (2009); негизинен мал багып, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана, 2 бала бакча ж. б. бар. Азык-түлүк белендөөчү комбинат, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, кафе-бар, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.