НОВАТОРЛУК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОВАТОРЛУК - алдынкы үлгүлүү жазуучунун адабиятка мазмун жана көркөмдүк жагынан киргизген, жараткан жаңылыгы, көркөм ачылышы же табылгасы. Н. салттуулук менен тыгыз байланыштуу. Жаңычылык мурдагы адабий салттарды танып, жокко чыгарбайт, тескерисинче, ага таянат, жаңы шартка ылайык өздөштүрөт. Н. түшүнүгү жеке жазуучунун же жеке бир конкреттүү мезгилдеги адабияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта каралат. Кыргыз адабиятында Н. маселеси баарынан мурда орус жана дүйнөлүк классиктердин адабий тажрыйбаларын өздөштүрүүгө тыгыз байланыштуу. Кыргыз поэзиясындагы Н-тун үлгүсү катары А. Осмоновдун чыгармачылыгын көрсөтүүгө болот. Акын элдик поэзиянын алдынкы үлгүлөрүнө жана дүйнөлүк поэзиянын салттарына таянуу менен бирге, өзүнүн оригиналдуу чыгармаларын жараткан. Анын ырлары өзүнүн образ түзүлүшү, строфалык өлчөмдөрү боюнча сөзсүз Н. мүнөзгө ээ. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз адабиятын аңгеме, повестъ, роман жанрын Н. тилкеге алып чыкты. Жазуучунун «Бетме-бет», «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим» сыяктуу аңгеме, повесттери сюжетте берилген окуялардын драмалуулугу, мүнөздөрдүн, каармандардын кыска, так сүрөттөлүшү, чыгарманын жалпы «аянты» чакан келип, кеңири турмуштук көрүнүштөрдүн даана, терең ачып берилгендиги менен кыргыз прозасындагы өткөн кылымдын 60-жылдарындагы Н. көрүнүш катары мүнөздөсө болот. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы изденүү пафосу анын «Гүлсарат», «Аккеме», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери, «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы» романдарынан да көрүүгө болот.