НИЯЗОВ Сапармурат Атаевич: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИЯЗОВ Сапармурат Атаевич (19. 2. 1940, Түркмөнстан, Ашхабад обл., Кыпчак кыш. - 21. 12. 2006, Ашхабад) - Түркмөнстандын мамлекеттик ишмери, Түркмөнстан Респ-нын президенти (1990- 2006). Балдар үйүндө тарбияланган. Ленинград политех. институтун (1967), КПСС БКнын алдында-

гы жогорку партиялык мектепти (1976) бүтүргөн. 1967-70-ж. В. И. Ленин атындагы Безмей ГРЭСинде мастер, улук мастер, 1970-76-ж. Түркмөнстан КП БКнын инструктору, бөлүм башчысынын орун басары, 1980-84-ж. партиянын Ашхабад шаардык комитетинин 1-секретары, 1984- 85-ж. КПСС БКнын инструктору, 1985-91-ж. Түркмөн ССР Министрлер Советинин төрагасы, Түркмөнстан КП БКнын 1-секретары, 1990-жылы Түркмөн ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1990-2006-жылы Түркмөнстандын президенти. 1993-жылы Түркмөнстан межлисинин чечими менен Н. дүйнөдөгү бардык түркмөндөрдүн башчысы деп жарыяланып, кийин Н-го «Түркмөн башы» титулу ыйгарылган. «Түркмөнстандын ардактуу аксакалы» (1994). Анын бейнеси улуттук акча - манатка басылган, өлкөдө «Түркмөн башы» альманахы чыгарылат.