НИЧКЕ КУМ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НИЧКЕ КУМ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ток­тогул р-нунда, Токтогул шаарынан 9 км батышта, Ничке суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м би­йиктикте. 1971-жылы Түштүк Кыргыз геол. экспеди­циясы тарабынан геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында неоген-төр­түнчүлүк мезгилинин борпоң тектери жатат. Кум узундугу 1,5 км, калыңдыгы 10 мге чейинки катмарды түзөт. Ири бүртүкчөлүү (0,6 лглгден кесек бөлүкчөлөрү басымдуу), негизинен кварц, талаа шпатынан турат. Арасында 10% ке чейин майда шагыл кездешет. Чаң 6% , слюда 2,6% ке чейин, органикалык кошунду жок. Көлөмдүк массасы 1,53-1,59 г/м?. Технол. касиети боюнча «200» маркадагы бетонго жана курулуш ылайы­на пайдаланса болот. Бирок, адегенде кумду жууп, иргеп алуу керек. Запасы А+В категория­сы боюнча 1093 миң м3. С^- 1484 миң м3.