НИТРОГЛИЦЕРИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НИТРОГЛИЦЕРЙН, глицеринтринитрат, О2ЫОСН(СН2ОЬГО2)2 - глицерин жана азот кислота­сынын толук эфири: түссүз, жытсыз май сы­мал коюу суюктук. Молекулалык салмагы 221,1; тоңуу I - 13,4°С. Ацетондо, эфирде, метил спиртинде, концент. уксус кислотасында, бензолдо, толуолдо, ксилолдо, нитробензолдо жакшы, глицеринде, бензинде, лигроинде начар эрийт. Күчтүү жарыл­гыч зат, механикалык таасирлерге сезгич, динамиттин ж. б. жарылгыч куралдардын курамына кирет. Н. глицеринди нитрлөөдөн алынат. Н. жарыл­гыч заттарды жана түтүнсүз жарылгыч дары­ларды алууда, медицинада кан тамырларды кеңейтүүчү каражат катары пайдаланылат. Н. УУлуу зат, тери аркылуу канга өтүп, башты ка­туу оорутат.