НИМЕЙЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИМЕЙЕР Оскар (15. 12. 1907, Рио-де-Жанейро - 5. 12. 2012, ошол эле жер) - бразилиялык архитектор. Рио-де-Жанейродогу Улуттук сүрөт мектебин бүтүргөн (1934). Биринчи архитектуралык тажрыйбаны Л. Костадан алган. Азыркы Бразилия архитектура мектебинин негиздөөчүсү. Анын долбоору боюнча дүйнөнүн 18 өлкөлөрүндө 400дөн ашык имарат, курулган анын ичинде: БУУнун штабквартирасы, Пампульедеги спорт жана көнүл ачуу жайлар комплекси (1942-43), Боависта банкы (1946), Риоде-Жанейродогу «Түштүк

Америка» госпиталы (1953), Каракас Асем өнөр музейи (Венесуэла, 1955-56) ж. б. 1957-жылдан өз өлкөсүнүн жаңы борбор шаары - Бразилианы куруу ишин жүзөгө ашырып, көп имараттарды долбоорлогон: «Маншете» басманын имараты (1967), «Насионал» отели (1971), «Саенс Пенья».метро станциясы (1979), президент Кубичектин мемориалы (1980), Карнавал борбору (1983-84), Пантеон (1985), Латын Америка мемориалы (1987). Н-дин долбоору менен курулуп, Куритибадагы Оскар Нимейер музейи, (2002), Сан-Паулодогу «Ибирапуэра» паркы, (1954, Гояниядагы «Оскар Нимейер» (2006); испаниялык Авилес ш-нда Оскар Нимейр атн-дагы (2011) маданият борборлору ачылган. «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Притцкер сыйл. лауреаты.