НИКОЛАЕВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИКОЛАЕВ - Украинадагы шаар (1789-жылдан). Николаев облусунун администрациялык борбору. Түштүк Буг менен Ингул д-нын кошулган жеринде, Кара деңиздеги Буг лиманында жайгашкан. Деңиз жана дарыя порту. Калкы 507,2 миң (2010). Т. ж. түйүнү. Машина жана кеме куруу, жеңил, тамакаш-татымал ө. ж., глинозём заводу иштейт. Эки ЖОЖ, 3 театр, музейлер (край таануу, сүрөт, кеме куруу жана флот), обсерватория бар. Классицизм стилиндеги курулуштар (деңиз гимназиясы, казарма; 18-к.), Никола чиркөөсү (19-к.) сакталган.