МИКЕНАС Юозас: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МИКЕНАС» барагын «МИКЕНАС Юозас» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
25 ноябрь 2026, саат 06:48 учурдагы соңку нуска
МИКЕНАС Юозас [30. 1 (12. 2). 1901, Ковен губерниясы (азыркы Даугавпилс району), Скардупис хутору - 24. 10. 1964, Вильнюс] - советтик скульптор, Литва советтик скульптурасынын негиздөөчүсү.

Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл сүрөтчүсү (1961), СССР Сүрөт Академиясынын корреспондент мүчөсү (1954). Каунас көркөм мектебинде (1922-1931) чеберчилигин өркүндөткөн. Чыгармачылыгын формалисттик агымдардын таасиринде баштаган. Негизги чыгармалары: Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн Литва павильону үчүн «Литва» статуясы (гипс, 1939), Кёнигсбергди штурмдоодо курман болгон советтик аскерлерге арналган «Жеңиш» скульптура тобу (коло, 1946, Калининград; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1947), «Пианиночу кыз» (коло, 1958, Третьяков галереясы), «Алгачкы чабалекейлер» (гипс, 1964) жана башкалар. Литва ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1966) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.