География:ЧАТЫРКӨЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска

ЧАТЫРКӨЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын облусунун Атбашы р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу муздак суу булактары. Чатыркөлдүн түш. жээгинде, деңиз деңг. 3520,4 м бийикте жайгашкан.1935-жылдан белгилүү. 1952–54-ж. толук изилденип, дарылык касиети, хим. составы аныкталган. Натыйжада 12 булак, 4 көлмөчө, 2 бургулоо көзөнөгүнөн жог.концентрациядагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу суу табылган. Суу силур мезгилинде пайда болгон акиташ ж-а кремнийлүү сланец тоотектериндеги тектон.жаракаларда топтолгон. Гидрокарбонаткальций-магнийлүү. Минералданышы 5– 7 г/л. Бир аз кычкыл (рН 5,8–6,0), 1 л суудагы көмүр кислотасы 18–372 мг. Суунун жалпы дебити кышында суткасына 1866 м3, жайында 3629 м3. Микроэлементтерден стронций м-н литий көп кездешет. Бөйрөк, ичеги-карын ооруларына пайдалуу. Ал «Арашан» минералдуу суусу деген ат м-н бөтөлкөлөргө куюштурулуп, суусундук катары жерг. соода тармактарына ж-а дарылоо мекемелерине чыгарылат.