География:КАРАШОРО МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска
КАРАШОРО МИНЕРАЛДУУ СУУСУ, Коңурдөбө минералдуу суусу – Ош облусунун Өзгөн р-нундагы дарылыкка ичүүгө жарамдуу минералдуу муздак суу булактары. Өзгөн ш-нан 80 км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Жазы ж-а Коңурдөбө сууларынын кошулган жеринде, деңиз деңг. 2300 м бийиктикте жайгашкан. 1945-ж.табылып, 1948–54-ж. сууну пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн геол. изил дөө жумуштары жүргүзүлгөн. Суу булак түрүндө ж-а тереңд. 70–130 м келген 14 бургулоо көзөнөктөрүнөн чыгат. Булактар юра мезгилинин башталышындагы кумдук, алевролит, аргиллит, чополуу сланец, гравелит ж-а конгломераттан түзүлгөн тоо тек катмарларынан (калыңд.700 м) чыгат. Көмүр кычкыл газдуу минералдашкан (5–6 г/л) сууларга кирет. Түссүз, жытсыз, даамы кычкыл, суунун темп-расы 7,6–14,5°С. Суу бөйрөк, боор, ичеги-карын, кан басымы, диабет ооруларына пайдалуу. Өзгөн ш-нда бөтөлкөлөргө куюлуп, «Карашоро» деген ат м-н соода тармактарына ж-а дарылоо мекемелерине жиберилет.