География:АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска

АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Ош облусунун Карасуу р-нунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деңиз деңг.2500 м бийиктикте. Жерг. элге илгертен белгилүү. 1976-ж. бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геол. маалымат берилген. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түн. канатындагы тектон. жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2–0,1–0,2 г/лге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 л/сек, булактыкы–0,2 л/сек, аз минералдашкан. Составы хлорид-гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү. Сууну ичип ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарыласа болот.