География:АРСТАНБАП ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска
АРСТАНБАП ӨРӨӨНҮ — Жалалабат облусундагы табигый кооз аймак. Бабашата кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан орун алган. Базаркоргон р-нун аймагында, Жалалабад т. ж. станциясынан 60 км түн.-батыш тарапта. Деңиз деңг. бийикт. 1400–2000 м. Жеринин бети дөбө-дөңсөөлүү, белестүү келип, айрым жери түзөң тартып кетет. Өрөөндүн төрүндө тар капчыгай, корум таш ж-а палеозойдун акиташ тектүү массивдери бар. Мезозойдун ж-а палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Т үндүктөн соккон муздак абаны Бабашата кырка тоосу тосуп калгандыктан кышы жумшак кар арбын жаайт; январдын орт. темп-расы —3°С. Жаз эрте келип, жаан-чачындуу. Жайында Фергана өрөөнү тараптан соккон керимсел шамалдын таасири жокко эсе, мелүүн ысык; июлдун орт. темп-расы 20°С. Күзү жылуу, көбүнчө күн ачык болот. Жылдык орт. жаан-чачыны 1000 ммдей; көбү март, май айларында жаайт. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 54%. Күн тийүү узактыгы жылына 2800 саат. Кыртышында чириндиге бай каралжынкүрөң топурак басымдуу. А. ө. — дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай ж. б. өсөт. Т окой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак, балгын ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун Жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы ж. б. кездешет. Токойду калыбына келтирүү ж-а көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулууда. Өрөөн аркылуу Арстанбап суусу агат. Жер бетине чыгып турган акиташ тектүү массивдер майда сууларды бөгөп, шаркыратмаларды пайда кылат (к. Арстанбап шаркыратмалары). Жаныбарлардан аюу, доңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки; канаттуулардан улар, кекилик, чил ж. б. көп кездешет. Арстанбап өрөөнүндө Гүмкана токой чарбасы бар, анда жаңгак, мөмө-жемиштер (алма, алча ж.б.) жыйналып мамл-ке тапшырылат. Арстанбаптын таза абасы климаттык терапияга ж-а адамдардын эс алуусуна ыңгайлуу. Арстанбап кыш-нан 8 км түш.батыштагы көлдүн акваториясында дары баткак кени бар; 1975–77-ж. чалгындалган; запасы 20 миң м3. Арстанбап кыш-на жакын пансионат (500 орундуу), ден соолукту чыңдоочу спорттук лагерлер иштейт. Арстанбап кыш-нда 16–18к-га таандык архит. эстелик — Арстанбап күмбөзү бар.