География:ЧОЛОКТӨР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ЧОЛОКТӨР МӨҢГҮСҮ — Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаалөрөөн тибиндеги мөңгү. Акшыйрак суусунун оң куймасы – Жаңарттын алабында жайгашкан. Уз. 10,7 км, жалпы аянты 15,0 км2. Башы деңиз деңг. 5319 м, этеги 3640 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Ыңгайлуу орографиялык түзүлүш жерг. климаттык шартка айкалышкандыктан мөңгүнүн режими бир калыпта. Мөңгүдөн Жаңарттын оң куймасы – Чолоктөр суусу башталат.