География:ЧАТЫТЕРЕК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ЧАТЫТЕРЕК МӨҢГҮСҮ — Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Үзөңгүкууш суусунун алабында жайгашкан. Уз. 6,5 км, аянты 8,8 км2, абляция облусунун аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4180 м. Түндүккө караган бийик беттеги кар туурасы 1–1,5 км келген оёңго чогулуп, мөңгүнү пайда кылат. Азыркы мезгилде мөңгү өзгөрүүсүз бир калыпта. Андан Чоң Үзөңгүкууштун оң куймасы башталат.