География:ЧАКАНТАШ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ЧАКАНТАШ МӨҢГҮЛӨРҮ Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Чоң Үзөңгүкууш суусунун алабында жайгашкан «түркстан тибиндеги» өрөөн мөңгүлөрү. Ч ы г ы ш Ч а к а н т а ш мөңгүсүнүн уз. 4,8 км, аянты 4,5 км2. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Башы деңиз деңг. 4740 м, этеги 4360 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4550 м. Б а т ы ш Ч а к а н т а ш мөңгүсүнүн уз. 5,7 км, аянты 4,6 км2. Абляция облусунун аянты 0,5 км2. Башы деңиз деңг. 5470 м, этеги 4670 м бийиктикте жатат. Бул мөңгүлөр төрлөрдүн таманында сүйрү формада узата созулуп жатат. Цирктердин капталдары өтө тик болгондуктан, кар түз эле мөңгүнүн үстүндө топтолуп, фирндеги эриген суу бүт мөңгүдө тоңот. Кар чеги өтө бийик көтөрүлөт. Мөңгүнүн «тилдери» узун шынаа формасында жука муз катмар м-н аяктайт. Андан аты окшош суу башталып, Чоң Үзөңгүкуушка оң тараптан куят.