География:ҮТРӨҢ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ҮТРӨҢ МӨҢГҮСҮ — Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун ашташкан жериндеги татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 8,9 км, аянты 7,3 км2. Сох суусунун сол курамы Актерек суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 2800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3620 м; абляция облусунун аянты 4,4 км2, анын 3,6 км2 морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган. Мөңгүнүн негизги массасы кыска ж-а бийик кырлар м-н бөлүнгөн 2 кенен цирктен жылып чыгат. Азыр мөңгү тартылууда. Андан Актерек суусунун сол куймасы – Үтрөңсуу башталат.