География:ҮЗӨҢГҮКУУШ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ҮЗӨҢГҮКУУШ МӨҢГҮСҮ — Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 8 км, аянты 6,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4520 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Абляция облусунун аянты 3,6 км2. Мөңгү Какшаал кырка тоосунун түн. тармагын бойлото сүйрү формада созулуп жатат. Мөңгүнүн оң жак чети тик капталдар м-н торолуп, алардын жайык суу бөлгүчтөрүндө «балык жон» тибиндеги мөңгүлөр сакталган. Мөңгүдөн Чоң Үзөңгүкууш суусунун жогорку курамы – Үзөңгүкууш башталат.