География:ТУЮКСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ТУЮКСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Туюксуунун төрүндө. Оң тараптагы мөңгүнүн уз. 4,5 км, аянты 3,9 км2, көлөмү 0,2 м3. Башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 4700 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. С о л д о г у мөңгүнүн уз. 4,5 км, аянты 3,4 км2, көлөмү 0,1 км3, башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 3800 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүлөрдөн Кызылсуунун сол куймасы – Туюксуу суусу башталат.