География:КРЫЛЕНКО МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КРЫЛЕНКО МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодо жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Сарыжаздын алабында, Бозкыр ж-а Постышев кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, Көйкап өрөөнүнүн таманына бир аз жетпей бүтөт. Уз. 8,5 км, аянты 14,4 км2. Башы деңиз деңг. 5420 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мурда (болжол м-н 1850–60-ж.) ал Көйкап мөңгүсүнүн бир чоң салаасы болгон. Кийин чегинүүдөн андан ажырап, өзүнчө мөңгү болуп калган. Мөңгүдөн Көйкаптын сол курамы башталат.