География:КОТУРТӨР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КОТУРТӨР МӨҢГҮСҮ — Ички Теңиртоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Нарындын оң курамы – Арабелсуусунун алабында. Тескей Алатоонун түш. капталындагы кыска өрөөндүн төрүнөн башталат уз. 6,3 км, аянты 9,9 км2. Башы деңиз деңг. 4780 м, этеги 3830 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 3,3 км2. Фирн бассейни Тескей Алатоонун кырынан башталып ж-а эки жагындагы жалпак чокулардагы мөңгүлөрдөн кошумча куралат. Батыш тарабынан Григорьев мөңгүсү орун алган. Бетинде ж-а этегинде мореналар жокко эсе. Төмөнүрөөктө аяккы морена жалчасы өрөөндү дого сымал бөгөп жатат. Мөңгүдөн Арабелсуунун сол куймасы – Котуртөр башталат.