География:КОРЖЕНЕВСКИЙ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КОРЖЕНЕВСКИЙ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы эң ири мөңгү. Уз. 22,5 км, аянты 89,1 км2. Кызылсуунун сол куймасы–Жанайдартак суусунун алабынан орун алган. Дендрит тибиндеги тоо-өрөөн мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Башы деңиз деңг. 6210 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5100 м, абляция облусунун аянты 23 км2. Ортоңку мореналар м-н бөлүнгөн бир нече тармактарынын биригишинен түзүлөт. «Тилинин» учу калың морена м-н текши капталган. Мөңгү советтик гео-граф ж-а гляциолог Н. Л. Корженевскийдин ысымынан аталган.