География:ИАЛЫСУУ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ИАЛЫСУУ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун оң курамы Кожашкандын алабында жайгашкан. Уз. 4,9 км, аянты 5,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Фирн облусу көп камералуу кенен төрдө жатат. Мөңгүдөн Кожашкан суусунун сол куймасы Иалысуу башталат.