География:ЖУУКУ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ЖУУКУ МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Жууку суусунун алабында жайгашкан. Уз. 4,2 км, аянты 4,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4550 м этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3820 м. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Төрлөрдөн жылып түшкөн 2 мөңгүдөн түзүлөт. Алардын «тилдерин» мурдагы моренанын жалчасы бөлүп турат. Ж. м-нүн оң ж-а сол тарабындагы мөңгүлөр кийинки тартылуудан өзүнчө бөлүнүп калган. Этек мореналардын астында «кыймылсыз калдык» мөңгү жатат. Мөңгүдөн башталган Жууку суусу Ысыккөлгө куят.