География:ЖАЛПАКСАЙ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ЖАЛПАКСАЙ МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун сол куймасы Корумду суусунун алабынан орун алган. Уз. 3,3 км, аянты 3,8 км2, көлөмү 0,100 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Корумдунун жогорку агымы Жалпаксай суусу башталат.