География:АК СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
АК СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ — Тескей Ала тоонун түн. капталындагы татаалөрөөн тибиндеги үч мөңгү. Жыргалаң суусунун сол куймасы Аксуунун төрүндө катар жайгашкан. Б а т ы ш А к с у у м ө ң г ү с ү н ү н уз. 4,0 км, аянты 3,9 км2. Эки ири алапка ээ, алардан чыккан муз агымдары биригип бир «тилди» түзөт. Мөңгүнүн бети тегиз, айрым жерлерде чакан жаракалар тилкеси жатат. Бетиндеги күдүрлөр ж-а үкөк сымал муздар мөңгүнүн бир өңчөй айдөөш бетин бир топ татаалдантат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4530 м, этеги 3020 м. Кар чегинин бийикт. 3780 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. О р т о ң к у А к с у у м ө ң г ү с ү н ү н уз. 3,9 км, аянты 6,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4670 м, этеги 3340 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3780 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Жогорку бөлүгүндө чоң татаал цирк бар. Анын фирн талаасы суу бөлгүчтүн кырына чейин жетпейт. Цирктен кууш мөңгү салаасы жылып чыгат, бул бөлүгүндө омкорулма муздар жатат. Андан төмөн мөңгү далы сымал жайылат. Каптал мореналардын жатышы мөңгүнүн тартылып жаткандыгына күбө. Этеги мореналар м-н капталган. Ч ы г ы ш А к с у у м ө ң г ү с үн ү н уз. 4,9 км, аянты 3,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4720 м, этеги 3340 м бийикте жатат, кар чегинин бийикт. 3780 м. Абляция облусунун аянты 0,2 км2. Мөңгүлөрдөн Аксуу суусу башталат.