География:КЕҢКОЛ КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КЕҢКОЛ КӨЛҮ Базаркоргон р-нун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Кызылүңкүр өрөөнүнүн баш жагынан орун алган. Деңиз деңг. 1 840 м бийиктикте жатат. Уз. 7 00 м, туурасы 100–120 м, аянты 0,1 км2, теренд. 2 0– 25 м. Көл байыркы моренанын өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Бөгөттүн бийикт. 5 0–60 м. Көлдөн Кеңкол суусу агып чыгып, Отузарт суусу м-н кошулуп, Кызылүңкүр суусун түзөт. Көлдү курчаган тоо капталдары тик, анда арча, карагай токою, көлдүн башталышындагы чакан дельтачада тал, терек жыш өсөт. Көлдө көкчаар, маринка, жилингир ж. б. балыктар бар.