География:ҮЧКОШОЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ҮЧКОШОЙ – суу, Талас суусунун сол куймасы. Талас Алатоосунун түн.-чыгыш капталынан башталат. Уз. 40 км, алабынын аянты 1210 км2, анын 10 км2дейи түбөлүк кар, мөңгү м-н капталган. Ү-дун 268 куймасы бар; ирилери: Чоңкошой, Ортокошой, Жылаңачкошой, Жаргарт, Балачычкан. Алабында 17 майда көл (жалпы аянты 0,26 км2) бар. Кар, мөңгү ж-а жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы (Карой кыш. тушта) 9,20 м3/сек (1958). Суусу май – июлда кирип, сентябрь – октябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Карой, Сасыкбулак, Кеңеш, Чоңтокой кыш. жайгашкан.