География:ТҮРГӨНАКСУУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ТҮРГӨНАКСУУ – Жыргалаң суусунун сол куймасы. Уз. 45 км. Алабынын аянты 412 км2. Тескей Алатоонун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталдарындагы мөңгүлөрдөн башталат. Суу куралуу аянтынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3410 м. Алабында жалпы аянты 33 км2 болгон майда мөңгүлөр, 0,1 км2 болгон көлдөр бар. Кар, мөңгү (80%) ж-а жамгыр (20%) сууларынан куралат. Т-га жалпы уз. 188 км болгон 81 суу куят; ириси – Көккыя (13 км). Апрелден октябрга чейин ташкындап, ноябрь – март айларында тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 6,50 м3/сек. Суусу мол болгон июлдагы орт. чыгымы 17 м3/ сек, суусу тартыш марттыкы 2,0 м3/сек. Эң көп чыгымы 76 м3/сек, азы 0,80 м3/сек. Айрым жылдары октябрдан мартка чейин үстүн жука муз каптап калат. Сугатка пайдаланылат. Т-дан 4,05 м3/сек суу өткөрүүчү 9 канал чыгарылган. Өрөөндө Акбулак, Түргөн кыш. жайгашкан.