География:СОХ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

СОХ – Сырдарыянын сол куймасы. Уз. 124 км, алабынын аянты 3510 км2. Алай кырка тоосунун Түркстан ж-а Заравшан тоолоруна тутумдашкан Матча тоо тоомунун түн. капталынан башталат. Кожашкандын чатынан С. аталат. Жашылкөлдүн чатынан баштап салааланып, жай агып, улам төмөндөгөн сайын кууш капчыгай аркылуу (60 км аралыкка) шар агат. Андан соң кайрадан салааланып, Сарыкоргон кыш-нан баштап, шиленди конусту пайда кылат. Ири куймалары: Түтөксуу, Туурасуу, Жашылкөл, Кожашкан, Кыштут, Гараты, Калаймахмуд, Роут, Падал. Июнь – августа кирип, сентябрда тартылат. Мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 42 м3/сек, э ң көбү 5 8,9 м3/с ек (С арык анд ы кы шна жакын). Сугатка пайдаланылат. Алабында жалпы аянты 258,7 км2 келген 276 мөңгү бар. Боюнда Кокон ш., Зардалы, Сарыкоргон, Сарыканды, Сох ж. б. кыш. жайгашкан.