География:КЫРККЕЧҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КЫРККЕЧҮҮ, К ы р к к е ч и к – Карасуу р-нундагы суу, Акбууранын оң куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 425 км2. Алай кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы Актуур тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. 13 куймасы бар; ирилери: Берксуу, Талдыбулак (сол). Негизинен кар, мөңгү сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3,10 м3/сек. Эң көбү июнь-июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чыргай, Кызылой, Актерек ж. б. кыш. жайгашкан.