География:КӨГАРТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КӨГАРТ (көк ж-а байыркы кырг. арт – ашуу; көк ашуу) – Сузак р-ну аркылуу аккан суу. Карадарыянын оң куймасы. Уз. 105 км, алабынын аянты 1370 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталып, Көгарт өрөөнү аркылуу агат. Ири куймалары: Кызылсуу, Карамарт, Үрүмбаш, Жошо, Каралма ж. б. кар, булак ж-а жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 18,3 м3/сек, эң азы январда 5,43 м3/сек, эң көбү май айында 58,8 м3/сек. Суусу апрелде кирип, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Мундуз, Жоонкүнгөй, Сузак ж. б. кыш. жайгашкан.