География:КӨБҮКСУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КӨБҮКСУУ – Ички Теңиртоодогу суу, Көкөмерендин оң куймасы. Жумгал р-нун аймагы аркылуу агат. Уз. 35 км, алабынын аянты 398 км2. Куралуу аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м. Негизинен кар ж-а мөңгү суулардан куралат. К-нун 52 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 9,4 м3/сек, модулу 23,6 л/сек • км2. Июль айында ташкындап, февралда тартылат. Алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 2,7 км2.