География:КАРАСАЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КАРАСАЙ – Жетөгүз р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Чоң Нарындын сол куймасы. Уз. 61 км, алабынын аянты 845 км2. Акшыйрак тоо тоомунун түн.-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түш.батышты, түштүктү, андан кийин батышты карай агат. Башталышында капчыгай аркылуу өтүп, тоодон чыкканда нугу кумдуу келип, саздуу өрөөн м-н агат да, салааларга бөлүнүп Чоң Нарынга сол жактан куят. Ири куймалары: оңу – Ачыкташтөр, Кундай, Кыркоосуу, солу – Эгизтөр, Сарытөр, Туюкчакыркорум. Жылдык орт. чыгымы 13,9 м3/сек. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – февралда тартылат. Эң көп чыгымы июль-августта, азы январьфевралда байкалат.