География:КАРАМАРТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КАРАМАРТ – Көгарттын оң куймасы. Уз. 25 км, алабынын аянты 176 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1500 м. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы бөксө тоодон Жошо деген ат м-н башталып, кууш кокту аркылуу батышка карай, ортоңку агымында жазыраак Карамарт өрөөнүнө чыгып, түштүктү карай агат. Оң куймасы Актооктун чатынан кууш босого аркылуу өтүп, Көгартка куят. Негизги куймасы Актоок (уз. 20 км; баш жагы Каду деп аталат). Жылдык орт. чыгымы 0,91 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Өрөөнүнүн айрым жерлеринде жаңгак токою кездешет. Сугатка пайдаланылат. Алабында Кызкөл, Карамарт, Акталаа, Кутурган, Актоок ж. б. кыш. жайгашкан.