География:АКСУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (7 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
АКСУУ, И й р и с у у — Жумгал р-нундагы суу, Суусамырдын сол куймасы. Уз. 41 км, алабынын аянты 218 км2. Кыргыз Алатоосунун түш. капталынан башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу түндүккө, бара-бара түш.-батыш тарапты карай агып, Суусамырга куят. Куймалары: Бөйрөк, Бадалаташ, Каратөр, Жиндисуу ж. б. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы 2,56 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Тунук кыш. жайгашкан.