География:КУМБЕЛ ВОЛЬФРАМ КЕНИ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КУМБЕЛ ВОЛЬФРАМ КЕНИ Нарын р-нунда. Карүңкүр кыштагынан батыш тарапта. Көктай тоосунун түш. капталында жайгашкан. 1910-жылдан белгилүү. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинин аягында пайда болгон сланец, алевролит, кумдук ж-а акиташ чөкмө тектери, аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Чөкмө тектер бүктөлүүлөргө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Антиклиналдын борб. бөлүгүндө интрузия орун алып, анын түн. капталынан тектон. терең жарака өтөт. Бул жаракага жакын жердеги интрузия чөкмө тектердин кошулган жеринде скарн тулкулары пайда болуп, анда руда топтолгон. Руда комплекстүү (вольфрам, жез, висмут, молибден, коргошун, кобальт, никель, цинк, темир) келип, скарндардагы көп сандаган майда жаракаларды ж-а жиктерди толтуруп жаткан тарамдар түрүндө. Тарамдар негизинен кварц м-н кальциттен түзүлүп, аларда шеелит, халькопирит, висмутин, пирит, молибденит, галенит, сфалерит ж. б. кезигет. Айрым тарамдардан уз. 30–200 м, калыңдыгы 0,005–0,2 м. Кен 1941–55-ж. Кумбел руда башкармасы тарабынан казылып, бардыгы 990 т руда алынган.