География:КОТУРТӨБӨ УРАН КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КОТУРТӨБӨ УРАН КЕНИ Баткен р-нунда, Кыштут айлынан 12 км аралыкта. Кен сиенит интрузиясы м-н мраморлошкон акиташ тегинин контактында жайгашкан. Уран-торий минералдашуусу титанаттардан туруп, сиениттеги майда жаракалардагы ичке тарамчалар түрүндө жатат. Жаракаларга танапташ жаткан (калыңдыгы бир метрге чейин), өзгөрүүгө дуушарланган тоо тектерде уранторий минералдарынан тышкары галенит, пирит, лимонит, ба рит ж-а флюорит бар. Хим. анализ б-ча рудалуу тарамчалардагы урандын орт. өлчөмү 0,25%, торийдики–0,252%. Кен жер үстүнөн гана чалгындалып, уран м-н торийдин чакан запасы аныкталган.