География:КАРАЖЫЛГА МАРГАНЕЦ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КАРАЖЫЛГА МАРГАНЕЦ КЕНИ Жалалабат облусунун Аксы р-нунда, Ташкөмүр ш-нан 15 км түндүктө, Бозбу тоосунда жайгашкан. Кен 1950-ж. ачылган ж-а издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинде пайда болгон акиташ, фельзиттер, альбитофирлер, кварцтуу профирлер ж-а алардын туфтарынан түзүлгөн. Акиташтын эффузивдер м-н көпүрөлүсай контактысында марганец рудасын камтыган үч участок созулуп жатат. Алардын жер үстүндөгү ченеми төмөнкүчө: 1-участоктуку – уз. 15 м, туурасы 4 м. Руда кварц, кальцит, пиролюзит минералдарынан турат. Рудадагы марганецтин орт. өлчөмү 14,4%. Божомолдуу ресурсу: рудасыныкы–1728 миң т, марганецтики–248,8 миң т.