География:ЗАРДАБУКА СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ЗАРДАБУКА СЫМАП КЕНИ Ош облусунун Каракулжа р-нунда, Чыгыш Алайдын Тоголокташ тоосунун кырында, Көксуу суусунун баш жагында, деңиз деңг. 3850–4070 м бийиктикте. 1970–72-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын төмөнкү-ортоңку девондун жанартоо-терриген тектери м-н силур ж-а төмөнкү девондун акиташ тектери түзөт. Эффузия ж-а акиташ тектеринин кошулган жериндеги жаракалуу зона м-н туурасы 50– 200 м болгон рудаланган акиташ тилкеси туташ жатат. Калыңдыгы 5–25 м болгон штокверк. Жарака ж-а уя сымал руда тулкулары жүз метрге чейинки аралыкка созулат. Руда жалаң киновардан ж-а тубаса сымаптан турат. Сымаптын орт. өлчөмү – 0,58%. Кендин 20 м тереңдикке чейинки эсептелген запасы 1213 т.